ЖАМГЫРЧИНОВ
ЖАМГЫРЧИНОВ Бегимаалы (15. 10. 1914, Пишпек уезди, азыркы Сокулук р-ну, Күнтуу айылы – 31. 10. 1982, Бишкек) – тарых илимд. доктору (1950), проф. (1951), Кыргыз ССР ИАнын

академиги (1954), Кыргыз
ССРинин илим ж-а техника б-ча мамл. сыйл. лауреаты (1970), кыргыз тарыхын изилдөөгө өзгөчө салым кошкон тарыхчылардын бири. 1936-ж. Кыргыз мамл. пед. ин-тун бүтүргөндөн кийин, ошол эле ин-тта окутуучу, 1943–50-ж. СССР ИАнын Кыргыз филиалында улук ил. кызматкер, 1950–51-ж. филиалдын Тарых, тил ж-а адабият ин-тунда директор, 1951–54-ж. КМУнун ректору, 1954– 55-ж. Кыргыз ССР ИАнын академик-катчысы, 1965–76-ж. вице-президенти, 1976–82-ж. Тарых ин-тунда сектор башчы, бөлүм башчы болуп иштеген. Ж. өз эмгектеринде негизинен кыргыздардын этногенезин ж-а этностук тарыхын, мадтын («Кыргыздар Ормон хандын доорунда», 1944; «Кыргыздардын 18-кылымдын аягындагы согуш мамилелеринин тарыхынан», 1945; «Кыргыздын санжырасынан», 1946 ж. б.) изилдөөгө алган. Айрыкча Кырг-н м-н Россиянын алакасына («Кыргызстандын Россияга кошулушу», 1959; «Кыргызстандын Россиянын составына ыктыярдуу кошулушу», 1963 ж. б.) ж-а кыргыз тарыхынын ар кандай багыттарына арналган көлөмдүү эмгектерди, о. эле окуу куралдарын жазган. Кырг-ндын тарыхынын бардык басылыштарынын авторлорунун ж-а редакторлорунун бири. Ж. 150дөн ашык ил., окуу китептин ж-а эмгектин (а. и. 8 монография, 3 китепке авторлош) автору. Кыргыз ССР Жогорку Советинин 3–4-, 7–8-чакырылыштарынын депутаты. Ленин, Октябрь Революциясы, Эл Достугу, «Ардак Белгиси» ордендери ж-а медалдар м-н сыйланган.