ЖАНАЯК

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:25, 28 Апрель (Чын куран) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАНАЯК – 1) жол жүргөндө, жоого аттанган­да, мал оторлотуп же көчүп жүргөндө колдону­луучу жыгач идиш. Ж-ты арча, кайың, тал, теректен буюмдун көлөмүнө жараша кыйып келип, аарчып, ичин оюп, көлөкө жайда курга­тып (бир кайнатып алса, сары суусу чыгып, урунганга бышык болгон), ийди, бычакты кол­донуу м-н ар кандай көлөмдө сап чыгарып жа­сашкан. Анын айрымдарынын сабы оймо-чий­меленип, коло, жез, күмүш чөгөрүлүп асемдел­ген; 2) насыбай ийлей турган идиш. Чөйчөк сыяктуу тегерек же сүйрү формада, түбү, жан


жактары калың, ичи чуңкур, саптуу жасалат. Бир жагы жалпак, экинчи жагы быдырлуу, жу­муру келген таякчасы (ийлегичи) болот. Ж-тын сабы м-н таякчасынын учун ысытылган шиш м-н тешип, кайыш өткөрүп, боо башын чачы­лап, илип коюшкан. Учурда Ж-ты музейлерден гана көрүүгө болот.