ЖАНАЯК
ЖАНАЯК – 1) жол жүргөндө, жоого аттанганда, мал оторлотуп же көчүп жүргөндө колдонулуучу жыгач идиш. Жанаякты арча, кайың, тал, теректен буюмдун көлөмүнө жараша кыйып келип, аарчып, ичин оюп, көлөкө жайда кургатып (бир кайнатып алса, сары суусу чыгып, урунганга бышык болгон), ийди, бычакты колдонуу менен ар кандай көлөмдө сап чыгарып жасашкан. Анын айрымдарынын сабы оймо-чиймеленип, коло, жез, күмүш чөгөрүлүп асемделген; 2) насыбай ийлей турган идиш. Чөйчөк сыяктуу тегерек же сүйрү формада, түбү, жан-жактары калың, ичи чуңкур, саптуу жасалат. Бир жагы жалпак, экинчи жагы быдырлуу, жумуру келген таякчасы (ийлегичи) болот. Жанаяктын сабы менен таякчасынын учун ысытылган шиш менен тешип, кайыш өткөрүп, боо башын чачылап, илип коюшкан. Учурда жанаякты музейлерден гана көрүүгө болот.

