ЖАН-БУЛАК
ЖАН-БУЛАК – Нарын р-нундагы кыштак. Жан-Булак айыл округуна караштуу. 1936-ж. Ж.-Б. кыш-на Мээнеткеч, Кызыл-Үңкүр, Жалгыз-Тал, Таш-Булак кыш. кошулган. Кара-Тоо м-н Ала-Мышык тоосунун кошулган жеринде, Нарын д-нын сол жээгинде, деңиз деңг. 1830 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Нарын ш-нан 24 км батыш тарапта. Балыкчы т. ж. бекетинен 204 км. Кыштак 1907-ж. негизделген. Калкы 2150 (2007); негизинен мал чарбасы м-н алектенет. Орто мектеп, китепкана, клуб бар. Турмуш-тиричилик кызматынын бөлүмдөрү, соода түйүндөрү, үй-бүлөлүк врачтар тобу, оорукана иштейт.