ЖАННА Д'АРК

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:25, 28 Апрель (Чын куран) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖА́ННА Д'АРК (6. 1. 1412, Лотарингия, Домре­ми кыш. – 30. 5. 1431, Руан) – Франциянын улуттук баатыры.

Жүз жылдык согуш (1337– 1453) мезгилинде англистерге каршы француз элинин боштон­дук күрөшүн баш­карган. Англис­тер басып алган Орлеан ш-н 1429-ж. 8-майда бошоткон (О р л е а н к ы з ы деген ат ушундан калган). Бир ка­тар аймакты ээле­ген соң, ал аскерлерди Реймсти көздөй баштап, 1429-ж. 17-июлда мураскер Карлды (Карл VII) такка отургузат. Элдик согуштун күчөшү м-н Ж. д'А-тын кеңири белгилүү боло башташынан чочулаган король ж-а ак сөөктөр аны согушка башчылык кылуудан четтетишет. 1430-ж. 23- майда Компьен ш-нын жанындагы салгылаш­та англистерге танапташ – бургундуктар тут-

кунга түшүрүп, англистерге сатып жиберген. Руанда чиркөө соту Ж. д'А-ты «кудай безер», «көз боёмочу» деп айыптап, өрттөп өлтүрткөн. 1456-ж. Францияда болгон жаңы cот Ж. д'А-ты актаган. 1920-ж. католик чиркөөсү аны эң ка­дырлуу ыйыктардын катарына кошкон.


Ад.: Левандовский А. П. Жанна д'Арк. 2-е изд. М., 1982.