ЖАНТӨШЕВ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:25, 28 Апрель (Чын куран) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАНТӨШЕВ Касымалы (1904, Ысык-Көл обл., Түп р-ну, Тепке айылы – 13. 8. 1968, Фрунзе) – жазуучу, драматург, кыргыз профессионал ад­тын негиздегендердин бири, Кыргыз ССРинин иск-вого эмг. сиң. ишмери (1

946), Кыргыз эл жазуучу­су (1968). Фрунзедеги пед­техникумду бүтүргөн (1930). 1934-ж. чейин Кыргыз ССР эл агартуу комиссариатын­да методист, РайОНОнун башчысы, окутуучу болуп иштеген. Кыргыз мамл. дра­ма театрынын режиссёру, артисти, (1934–46), режис­сёр-коюучу (1946–48), Кыр­гызмамбастын редактору (1948–49), Кыргыз ССР Эл агартуу комиссариатында иск-во б-ча башкар­ма начальниги (1949–51), Кыргыз ССР Мад-т министрлигинин репертуардык-редакциялык коллегиясынын башкы редактору (1964–68) бо­луп эмгектенген. Ал чыг-лык жолун драмалык

чыгармаларды жазуудан баштаган. «Койчу» (1922), «Түштө», «Биз комсомолецтер» (1927), Октябрь рев-ясына чейинки кыргыз аялдары­нын кайгылуу тагдырын баяндаган «Карачач» (1929), «Алым менен Мария» (1930) пьесалары театр студиясында коюлган. Улуу Ата Мекен­дик согуш мезгилинде ж-а андан кийин жазган драмалык чыгармалары – «Өч», «Эл ырчысы», «Азоого чалма», «Каныбек», «Курманбек» ж. б.
Алгачкы көлөмдүү прозалык чыгармасы – «Эки жаш» (1938) повести. Ж-ди жазуучу катары таа­ныткан чыгармасы – кыргыз ад-тындагы бел­гилүү чыгармалардан болуп калган «Каныбек» романы (1-китеби 1939-ж.; 2-китеби 1941-ж.; 3-китеби 1948-ж. чыккан; экинчи редакциясы 1957–58-ж. жарык көргөн). «Каныбекте» кыр­гыз элинин 19-к-дын экинчи жарымы – 20-к­дын башындагы экон. абалы, үрп-адаты, кыр­гыз жерине соода капиталынын айрым элемент­теринин кириши, рев-ялык идеялардын тарала башташы ж. б. окуялар эпикалык планда сүрөт­төлгөн. Романдын баш каарманы Каныбектин образы романтикалык планда берилип, эзүүчү­лөр м-н күрөшү, тайманбастыгы ж-а өзү сыяк­туу кедей-кембагалдарга кылган кайрымдуулу­гу, боорукерлиги көрсөтүлөт. Ж. – «Хан-Теңир­лик чабан» (1963), «Биздин секретарь» (1964), «Менин тагдырым» (1967) деген роман, повест­тердин, «Адыл мерген», «Мендирман», «Чолпон­бай», «Өнөрлүү балдар», «Кара шумкар» сыяк­туу аңгемелердин, «Тилек», «Ашуу ашкан суу» сыяктуу ил.-фантастикалык повесттердин ав­тору. Балдар үчүн аңгеме, жомокторду да жаз­ган. Ж. табиятында акын адам болгон. «Бөлө­лөр» аттуу ыр м-н жазылган фельетону 1969-ж. 2-февралда «Советтик Кыргызстан» (азыркы «Кыргыз Туусу») гезитине жарыяланган.«Кур-


манбек» драмасын да ыр м-н жазган. Ж. котор­мочукатарыдабелгилүү.Н.Островскийдин«Бо­лот кантип курчуду» романын, М. Лермонтов­дун «Ашык Керибин» ж. б. кыргыз тилине ко­торгон. Ал – кыргыз кинодраматургия жанрын баштоочулардын бири. Айрым чыгармалары («Каныбек» романы ж. б.) экрандаштырылган. «Каныбек» романы ж. б. чыгармалары чет тил­дерге которулган. Респ-дагы айрым мектептер­ге, китепканаларга, көчөлөргө ж-а Каракол ш-ндагы Ысык-Көл обл. драма театрына анын ысмы берилген. Айкели Ак-Суу р-нундагы Теп­ке айылына 1974-ж. тургузулган (скульптор А. В. Шестопал). Эмгек Кызыл Туу, «Ардак Бел­гиси» ордендери ж-а медалдар м-н сыйланган.


Ад.: Суванбеков Ж. Касымалы Жантөшев. Ф., 1964; Абдылдабеков К. Сөз чебери. Ф., 1970; Күмүшалиев К. Касымалы Жантөшев. Ф., 1973; Жигитов С. Жа­ңычылык жолунда. Ф., 1975; Бектенов З. Заман­даштарым жөнүндө эскерүү. Б., 1992; Артыкбаев К. ХХ кылымдагы кыргыз адабиятынын тарыхы. Б., 2004. И. Жумабаев.