ЖАНТУРИН

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:25, 28 Апрель (Чын куран) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАНТУРИН Нурмукан Сейитахмет уулу (22. 4. 1928, Казакстан, Гурьев, азыркы Атырау обл., Махамбет кыш. – 2. 5. 1990, Алматы)

– казак актёру, Казак ССР эл арт. (1966). Ташкенттеги А. Н. Островский атн. театр-көркөм сүрөт ин­тунун актёрлук ф-тин бүтүргөн (1952). М. Ауэзов атн. Казак драма театрында (1952–67, 1988- жылдан өмүрүнүн акырына чейин), «Казак­фильм» киностудиясында актёр (1967–88) болуп иштеген. Негизги ролдору: Чокан Валиханов Н. Жантурин – Аба­кир, К. Юсупжано­ва. – Калипа. Л. Ше­п ить к о. « Ап та п » ф и ль м и не н к ад р . 1962. (Муканов, «Чокан Валиханов»), Кодар (Мусре­пов, «Козу-Көрпөч-Баян сулуу»), Яго (Шекспир, «Отелло»), Доктор (Назым Хикмет, «Унутулган адам») ж. б. Кинофильмдерге 1948-жылдан тар­тыла баштаган: Керимдин («Талаа кызы»), Аб­лайхановдун («Атамандын кыйрашы»), кыргыз киносунда Жоомарттын («Салтанат»), Тагайдын («Жоро»), Абакирдин («Аптап»), Танабайдын («Жаныбарым, Гүлсары») ролун аткарган. 1968- жылдан «Казакфильм» киностудиясында актёр. «Токой балладасы» фильмин реж. Цой Гук Ин м-н бирге койгон (1972). 2 Эмгек Кызыл Туу ордени м-н сыйланган.