ЖАНЫБАРЛАР
ЖАНЫБАРЛАР , а й б а н а т т а р (Animalia) – тирүү организмдер дүйнөсүнүн (царствосунун) эң
чоң бөлүмү; орг. дүйнөдөгү негизги эки топтун бири (экинчиси – өсүмдүктөр). Кургакта жашаган Ж-дын теги – деңизде ж-а тузсуз сууда жашаган Ж., кээ бири кайра сууда жашоого өткөн. Бардык Ж. козу карындар сыяктуу – гетеротрофтуу организмдер, б. а. даяр орг. заттар м-н азыктанат. О. эле Ж-дын дагы бир маанилүү
өзгөчөлүгү – активдүү метаболизмдин болушу.
Орг. дүйнөнүн өнүгүүсү м-н Ж-дын түзүлүшү ж-а функциясы бара-бара татаалданып, кыймылдоо, тамак сиңирүү, бөлүп чыгаруу, жыныс, дем алуу, кан айлануу, сезүү органдары пайда болгон. Ж-дын өзгөчө татаал жүрүм-турумдары да калыптанган, мис., курт-кумурскалар, куштар ж-а сүт эмүүчүлөрдүн жупташуу алдындагы сайроо, бийлөө ж. б. оюндары. Ж. түзүлүшү б-ча негизи 2 топко бөлүнөт: жөнөкөйлөр же бир клеткалуулар ж-а көп клеткалуулар. Ж-дын азыр жашаган 16 тиби, 1,5 млнго жакын түрү белгилүү. Алардын көпчүлүгү деңизде жашайт. Кырг-нда омурткалуу Ж-дын эле 500дөн ашык түрү, курт-кумурска м-н кенелердин 3171, балыктардын 49, амфибиялардын 3, сойлоочулдардын 25, куштардын 335, сүт эмүүчүлөрдүн
83кө жакын түрү кезигет. Татаал түзүлүштүү Ж-да булчуң ж-а бириктиргич ткандар жакшы
өөрчүгөн. Алар алгачкы ооздуулар (муунак курттар, моллюскалар, муунак буттуулар) ж-а экинчи ооздуулар (ийне терилүүлөр, хордалуулар), о. эле омурткалуулар ж-а омурткасыздар болуп
бөлүнөт. Көпчүлүк Ж. өтө чоң чарбалык мааниге ээ. Алардын ичинде а.ч-лык, промыселдик, лабор. максат үчүн өстүрүлгөндөрү бар; көбү – тамак-аш, ө. ж. сырьёлорунун булагы. Ж-дын систематикалык ири тобу мителик м-н тиричилик өткөрөт. Айрым Ж. адамдын, жаныбарлардын ж-а өсүмдүктөрдүн транмиссиялык ооруларынын козгогучтарын жугузат; көпчүлүк курткумурскалар, кенелер токойлорго, а. ч. өсүмдүктөрүнө зыян келтирет. Адамдын жаратылышка (айрыкча жаныбарларга) тийгизген таасиринин тынымсыз өсүшү бир түрдүн азайышына, экинчи түрдүн таптакыр жок болушуна алып келүүдө. Ошого байланыштуу сейрек ж-а жоголуп бара жаткан Ж-дын түрлөрү ТКЭСтин, о. эле Кырг-ндын Кызыл китебинин тизмесине киргизилип, коргоого алынган. Ж. ж-дөгү илим – зоология.
Ад.: Жизнь животных. В 6 т. М., 1983–1989.