«ЖАНЫШ-БАЙЫШ»

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:42, 29 Апрель (Чын куран) 2025 карата Батма (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

«ЖАНЫШ-БАЙЫШ» – кыргыз элинин баатыр­дык дастаны. Ал бир нече кылым оозеки жа­шап, укумдан-тукумга өтүп, калыптануу жана өнүгүү тарыхында ар түрдүү идеялык-философиялык ой­лор менен байыган. Мурда анын үзүндүлөрү жөө жомок түрүндө айтылып келген. Пайда болгон доору так эмес. Бирок дастан каармандарына жана мазмунуна караганда кийинки доордо эле (16–18-кылымдарда) жаралган болушу мүмкүн. «Жаныш-Байышта» кыргыз элинин көз карандысыздыгы үчүн кал­мак баскынчыларына каршы күрөшү, эркиндик, теңдик жөнүндөгү үмүт-тилеги, ой-санаасы айтылат. Ошондой эле баатырдык жана акылмандык, адилет­түүлүк жана ак ниеттүүлүк сыяктуу адеп-ахлак, санат мотиви да арбын. Дастан эки бир тууган­дын аты менен аталат. Бирок экөөнүн дастанда алган орду бирдей эмес. Байышка мүнөздөмө кеңири берилген. Жаныштын аты Байыш менен бирге айтылса да, ал баш каармандын образын гана толуктайт. Ошондой болсо да эки бир туу­ган эл мүдөөсүн жогору санаган, эл үчүн кызмат кылган, душманга каршы күрөштө эл башын бириктирип, зор күч топтогон баатырлар ката­ры сүрөттөлөт. Азыр КР УИАнын Кол жазма­лар фондусунда дастандын төрт варианты бар. Биринчи вариантын М. Мусулманкуловдон (1922), экинчисин Ж. Жанаевден (1923) К. Мифта­ков жазып алган. 3–4-варианты К. Акыев менен О. Урманбетовдуку. Бир варианты (К. Акыев, 1939, 1970) басмадан чыккан. Булар көркөмдүк сюжеттик-композициялык жактан бири-бири­нен айырмаланат. К. Акыев бул эпосту Токто­гулдан үйрөнгөн. Бул вариант бардык нускалар­дан көлөмү гана эмес, көркөмдүгү, мазмун-ма­ңызы, каармандардын образдарынын толук ачы­лышы, баяндоо ыкмасынын ар түрдүүлүгү, көтөрүлгөн идеянын жеткилең баяндалышы, куюлушкан бир кылка уйкаштык, сөз байлы­гы, баатырдык теманын жогорку баскычта че­чилиши менен айырмаланат. Дастан К. Акыев­дин шакирти Сарыкунандан (Сагынбек Дыйкан­баев) Б. Кебекова тарабынан жазылып алын­ган. Сарыкунан эки жолкусунда (1965, 1967) эки башка айткан, алар көркөмдүк жагынан кескин айырмаланат. Алгач жаздырышында К. Акыевдин вариантынын чегинен көп чыга албаса, кийинкиси өз алдынча варианттык дең­гээлге жеткен. «Жаныш Байыш» эпосун тарыхый-этнографиялык жагдайда атайын изилдөөгө алып, профессор И. Мол­добаев монография жазган.

Р. Кыдырбаева.