ЖАҢГАРАЧ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:25, 28 Апрель (Чын куран) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАҢГАРАЧ Эшкожо уулу (1801- же 1802, Чүй өрөөнү, Жыламыш өңүрү – 1864, Талас өрөөнү, сөөгү Жыламышка коюлган) – солто уруусунан чыккан чоң манап; Чүйдүн батыш бөлүгүн ж-а Талас өрөөнүн бийлеген. Ж. м-н Байтик баа­тыр ага-ининин балдары. 1848-ж. казак султа­ны Кенесары Касым уулу Чүйгө кол салганда, адегенде Жантай, кийин Ормон хан м-н бир­дикте анын мизин кайтарып, колун талкалоо­го катышкан. Ал Кенесарынын кол салуусунун натыйжасында адегенде орус падышалыгына бу­каралыкка өтүү ниетин билдирип, бирок кийин алар жүргүзгөн баскынчылык саясатка нааразы болуп, 1862–64-ж. Кокон хандыгындагы бийлик кыргыз, кыпчак бектеринин (Алымбек, Алым­кул) колуна өткөндө, аларды колдоого ниет кылган. 1864-ж. жазында М. Г. Черняев Чүй өрөөнүнөн кокон аскерлерин сүрүп киргенде, Ж. аргасыздан Талас өрөөнүнө конуш которгон.