ЖАҢЫ-АРАВАН

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:25, 28 Апрель (Чын куран) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАҢЫ-АРАВАН – Ош обл-нун Араван р-нун­дагы кыштак. Алля Анаров атн. айыл округу­на караштуу. Кекилик-Тоонун этегинде, деңиз деңг. 840 м бийикте жайгашкан. Райондун бор­бору Араван кыш-нан 10 км чыгыш тарапта. Ош т. ж. бекетинен 30 км. Кыштак 1921-ж. негиз­делген. Калкы 2516 (2007); негизинен дыйкан­чылыкта эмгектенет. Эки орто мектеп, мад-т үйү, ФАП бар.