ЖАҢЫ-АРЫК 1
ЖАҢЫ-АРЫК – Жалал-Абад обл-нун Ноокен р-нундагы кыштак. Шайдан айыл округуна караштуу. Деңиз деңг. 850 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Масы кыш-нан 7 км түш.-батыш тарапта. Жалал-Абад т. ж. бекетинен 55 км. Кыштак 1928-ж. негизделген. Калкы 1722 (2007); негизинен дыйканчылыкта эмгектенет. Орто мектеп, китепкана бар. Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго эстелик тургузулган.