ЖАҢЫ-ЖОЛ КОРУКЧАСЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:49, 9 Июль (Теке) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАҢЫ-ЖОЛ КОРУКЧАСЫ – Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы аңчылык корукчасы (заказниги). Ат-Ойнок кырка тоосунун түштүк-ба­тыш капталында, Манубалды ж-а Ак-Жол суу­ларынан Токтогул районунун чек арасына чейинки тоо капталдарын ээлейт. Аянты 30,0 миң га. Азайып бараткан элик, тоо эчки, улар, чүткөр ж. б-ды коргоо ж-а көбөйтүү максатында ую­шулган.