ЖАҢЫ-КОРГОН

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:50, 9 Июль (Теке) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАҢЫ-КОРГОН – Баткен облусунун Кадамжай районундагы кыштак. Бирлик айыл округуна ка­раштуу. Деңиз деңгээлинен 1920 м бийикте жайгаш­кан. Райондун борбору Пүлгөн кыштагынан 45 км. Кызыл-Кыя темир жол бекетинен 90 км. Калкы 1052 (2007); негизинен дыйканчылыкта эмгектенет. Орто мектеп бар. Үй-бүлөлүк врачтар тобу иштейт.