«ЖАҢЫЛ МЫРЗА»

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:51, 29 Апрель (Чын куран) 2025 карата Батма (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

«ЖАҢЫЛ МЫРЗА» – кыргыз элинин баатыр­дык дастаны. Айрым божомолдор боюнча анын пайда болушу 15–16-кылымдарга таандык. Дастанда калмак баскынчылыгына каршы кыргыздардын күрөшү, кыргыз урууларынын турмушу сүрөт­төлөт. Башкы каарман Жаңыл – баатыр кыз, нойгут уруусунун билерманы. Анын баатырды­гы душман менен кармашта да, жекече сыноолор­до да көрүнөт. Дастандын пайда болушуна та­рыхый факт негиз болуп, элдин рухий муктаж­дыгы Жаңыл сыяктуу жаркын образдардын жаралышына шарт түзгөн. КР УИАнын Кол жазмалар фондусунда дастандын төрт вариан­ты (Тоголок Молдо, А. Чоробаев, Ы. Абдырах­манов жана М. Мусулманкуловдун айтуусунда) бар. 1957-жылы өзүнчө китеп болуп чыккан. Ы. Абд­рахмановдун варианты «Илим» басмасынан жарык көргөн. «Жаңыл Мырза» дастанынын айрым ай­туучулары аны тарыхый болгон окуялар менен байланыштырып, ал образдардын прототиби жөнүндө да эскеришет. Тоголок Молдонун эске­рүүсүндө Жаңыл 16-кылымда жашаган деген маалы­мат бар. Жаңылдын жашаган доорунда «Кара багыштарда Калматай баатыр, иниси Төлөк, Шырдакбек хан, Үчүкө, Түлкү, Тейиш, анын бал­дары Аккочкор, Үлбүрчөк, Бургуйлар жаша­ган» - деп айтылат. Бул маалыматтарга кара­ганда дастандагы каармандардын бир тобу – та­рыхый адамдар. Ы. Абдрахманов Жаңылды 17- кылымда жашаган тарыхый инсан деп белгилейт. Дастандын сюжетинин негизинде драма (К. Ма­ликов, А. Куттубаев), поэма (С. Эралиев) жа­зылган.