ЖАҢЫ-ТУРМУШ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:25, 28 Апрель (Чын куран) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАҢЫ-ТУРМУШ , Т у у р а-Ш и л б и – Ош обл­нун Алай р-нундагы кыштак. Жошолу айыл округуна караштуу. Жошолу суусунун боюнда, деңиз деңг. 1800 м бийикте жайгашкан. Район­дун борбору Гүлчө кыш-нан 13 км. Ош т. ж. бекетинен 97 км. Кыштак 1939-ж. негизделген. Калкы 1003 (2008); мал чарбасында эмгектенет. Орто мектеп, клуб, китепкана, ФАП бар.