ЖАҢЫ-ТУРМУШ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:28, 9 Июль (Теке) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАҢЫ-ТУРМУШ , Т у у р а-Ш и л б и – Ош обл­усунун Алай районундагы кыштак. Жошолу айыл округуна караштуу. Жошолу суусунун боюнда, деңиз деңгээлинен 1800 м бийикте жайгашкан. Район­дун борбору Гүлчө кыштагынан 13 км. Ош темир жол бекетинен 97 км. Кыштак 1939-жылы негизделген. Калкы 1003 (2008); мал чарбасында эмгектенет. Орто мектеп, клуб, китепкана, ФАП бар.