ЖАПАСАЛДЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:25, 28 Апрель (Чын куран) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАПАСАЛДЫ – Жалал-Абад обл-нун Ала-Бука р-нундагы кыштак. Актам айыл округуна ка­раштуу. Ала-Бука – Кербен автомобиль жолу­нун боюнда, деңиз деңг. 1350 м бийикте жай­гашкан. Райондун борбору Ала-Бука кыш-нан 8 км чыгыш тарапта. Наманган т. ж. бекетинен 73 км. Кыштак 1850-ж. негизделген. Калкы 1604 (2007); негизинен мал чарбасында, тамекичилик­те эмгектенет. Эки орто ж-а муз. мектеп, клуб, китепкана, медпункт, бала бакча, дарыкана бар. Турмуш-тиричилик кызматынын бөлүмдөрү, ФАП, мончо иштейт. Улуу Ата Мекендик согуш­та курман болгондорго эстелик тургузулган.