ЖАПЫЗ ТОО РЕЛЬЕФИ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:25, 28 Апрель (Чын куран) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАПЫЗ ТОО РЕЛЬЕФИ – салыштырмалуу би­йикт. 1000 мден ашпаган тоо рельефинин тиби. Көбүнчө бийик тоолордун чет-жакасына, тек­тон. көтөрүлүүлөр анча болбогон зоналарга мү­нөздүү. Кээде обочо жайгашкан жапыз тоолор да кездешет, мис., Казакстандагы Муголжар. Ж. т. р. негизинен андан бийик тоолордун дену­дациясынан пайда болот. Ага кыры жайпагыраак суу бөлгүчтөр ж-а жантайма капталдар, тектон. көтөрүлүүдө ургаалдуу эрозиялык тилмеленүүгө дуушарланган жерлерине өрөөн-капчыгайлуу, кокту-колоттуу, айрым жерине дөбө-дөңсөөлүү рельеф мүнөздүү. Мөңгү жаткан бийик алкак­тарда Ж. т. р. альп мүнөзүнө ээ. Ж. т. р-нде ланд­шафттын өзгөчөлүктөрү орто ж-а бийик тоолор­до салыштырмалуу азыраак байкалат.