ЖАР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:22, 1 Июль (Теке) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАР – бир жагын суу жеп кеткен же урап кал­ган бийик тик жер; кемер, суунун кемерленген бийик жээги; тоонун бир жагы урап калган бети. Көл, деңиз жээктеринде да пайда болот. Жарлар­дын пайда болушуна тоо боорунда ж-а тама­нында пайда болгон төмөндөөлөр, чуңкурайт­кан издер, бороздойлор, аңдар кеңейип, бири­-бирине кошулушу негиз болот. Көбүнчө агын суу, көл шарпылдагы, жаан-чачын суусу чопо,



Кыргызстандагы жарлардын бири.

сары топурак, кум ж. б. борпоң тектерден тү­зүлгөн жерлерди жемирип кетишинен пайда болот. Жардын узундугу жүздөгөн мден бир нече кмге, туурасы бир нече мден ондогон мге, ал эми тереңдиги ондогон мге чейин жетет. Эгерде жар пайда болуу токтосо, ал жерде чөп м-н ба­далдар өсүп, жар «балкага» же кокту-колотко айланат. Жар пайда болуу процесси айыл чарбага ор­чундуу зыян келтирет. Аны токтотуу иш-чара­лары эрозияга каршы агротехникалык ж. б. ыкмалар­ды колдонуу аркылуу жүзөгө ашырылат. Жарлар КМШнын европалык бөлүгүндө, Кытайдын лёсстуу аймактарында, АКШда ж. б. жерлерде кеңири таралган. Кыргызстанда ага байланыштуу Жар-Башы, Айгыр-Жар, Жар-Таш, Кызыл-Жар ж. б. топонимдер бар.