ЖАРАНДЫК КОРГОНУУ
ЖАРАНДЫК КОРГОНУУ – калкты душмандын мүмкүн боло турган кол салуусунан сактоо ж-а эл чарбасынын туруктуу иштешин камсыз кылуу максатында тынчтык ж-а согуш мезгилинде жүргүзүлүүчү жалпы мамлекеттик коргонуу чараларынын системасы. Калкты ж-а чарбаны коргоо чаралары 1-дүйнөлүк согуш (1914–18) убагында эле башталып, 2-дүйнөлүк согуш (1939–45) учурунда маанилүү роль ойногон. Куралдуу күчтөрдө ядролук куралдардын, ракеталардын пайда болушуна ж-а көбөйүшүнө байланыштуу 1950- жылдардан ири мамлекеттердин көпчүлүгүндө жарандык коргонуу түзүлгөн. 1972-жылдан жарандык коргонуунун эл аралык уюму уюшулуп, ага Африка, Латын Америка ж-а Азия өлкөлөрү кирген. Жарандык коргонууга жалпы жетекчиликти өлкөнүн өкмөтү, ал эми жер-жерлерде жергиликтүү өкмөт уюмдары жүргүзөт. Жарандык коргонуу тынчтык ж-а согуш мезгилинде пайда болгон коркунучтардан калкты коргоо ж-а коргонуу ыкмаларына үйрөтүү, калкты, материалдык ж-а маданий дөөлөттөрдү кыйроодон сактап калуу үчүн кечиктирилгис иштерди жүргүзүп, аларды коопсуз аймактарга көчүрүү, керектүү коммуналдык-техникалык кызматтардын ж-а коммуникациялардын туруктуу иштешин камсыз кылуучу шарттарды түзүү, азык-түлүктү, сууну сактоо ж. б. милдеттерди аткарат. Жарандык коргонуу аймактык-өндүрүштүк принцип боюнча уюштурулуп, жарандык коргонуу жаатындагы иштер «Жарандык коргонуу жөнүндө» КРдин мыйзам жоболору ж-а ченемдик-укуктук актылары м-н жөнгө салынат. Өлкөбүздө жарандык коргонууну КРдин Премьер-министри жетектейт. КРдин өзгөчө кырдаалдар министрлигинде жарандык коргонуу башкы башкармалыгы, облустарда, Бишкек, Ош шаарларында жарандык коргонуу башкармалыктары, райондордо ж-а шаарларда жарандык коргонуу бөлүмдөрү, министрликтерде, мамлекеттик комитеттерде, административдик ведомстволордо жарандык коргонуу штабы бар. Жарандык коргонуу күчтөрүнүн уюштуруу түзүмү ж-а штаттык саны КРдин өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан аныкталат ж-а КРдин Президенти тарабынан бекитилет.