ЖАРАНДЫК КОРГОНУУ ШТАБЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:48, 2 Июль (Теке) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАРАНДЫК КОРГОНУУ ШТАБЫ – жапырт кыргын салуучу куралдардан сактануу ж-а алар­дын кесепеттерин жоюу багытында жарандык коргонуу күчтөрүнө ж-а калкка жетекчилик кылган башкаруу органы. Жарандык корго­нууга жетекчилик кылып, керектүү чараларды ишке ашыруу үчүн жарандык коргонуунун республикалык, крайлык, облустук, шаар-райондук штабдары тү­зүлөт. Жарандык коргонуу штабы негизинен жарандык коргонуу­нун пландарын иштеп чыгат; душмандын кол салуу коркунучу жөнүндө калкты, мекемелерди, уюмдарды алдын ала кабарлоо түйүндөрүн, эл­дин жапырт кырылуудан сактанышын уюшту­рат ж-а камсыз кылат; эл чарбасынын тиешелүү объектилерин кол салуу кырдаалында үзгүлтүк­сүз иштөөгө даярдайт. Бул милдеттерди так орундатуу үчүн жарандык коргонуу штабы кол салуу коркунучу туулганда же согуш убагында жарандык корго­нуу боюнча кандай аракеттерди жүргүзүү керек эке­нин күн мурунтан пландайт. Кыргызстанда жарандык коргонуу штабынын милдеттерин өзгөчө кырдаалдар ми­нистрлигинин жарандык коргонуу боюнча башкы башкармалыгы аткарат, к. Жарандык коргонуу.