ЖАР-БАШЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:25, 28 Апрель (Чын куран) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАР-БАШЫ – Ош обл-нун Чоң Алай р-нунда­гы кыштак. Чоң Алай айыл округуна караш­туу. Алай өрөөнүндө, деңиз деңг. 2440 м бийик­те жайгашкан. Райондун борбору Дароот-Кор­гон кыш-нан 8 км. Ош т. ж. бекетинен 358 км. Кыштак 1912-ж. негизделген. Калкы 1888 (2007); негизинен мал чарбасы м-н алектенет. Орто мек­теп, китепкана, клуб, ФАП бар.