ЖАР-БАШЫ
ЖАР-БАШЫ – Ош облусунун Чоң Алай районундагы кыштак. Чоң Алай айыл округуна караштуу. Алай өрөөнүндө, деңиз деңгээлинен 2440 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Дароот-Коргон кыштагынан 8 км. Ош темир жол бекетинен 358 км. Кыштак 1912-жылы негизделген. Калкы 1888 (2007); негизинен мал чарбасы м-н алектенет. Орто мектеп, китепкана, клуб, ФАП бар.