ЖАРКЫРАКТЫК

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:31, 2 Июль (Теке) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАРКЫРАКТЫК (L ) – беттен таралып чыгуу­чу жарык агымынын бет-мейкиндиктеги тыгыз­дыгы. Ал жарык агымы dФ м-н геом. фактор­дун dWdАcosq катышына барабар: L=dФ/ dWdАcos, мында dW – нерселик бурч, dА – жа­рыкты чыгаруучу же кабыл алуучу беттин бөлүкчөсү, q – ушул бетке тургузулган перпен­дикуляр м-н жарыктын таралуу багытынын ортосундагы бурч. Жаркырактыктын бирдиги – кд/м2. Бар­дык жарык бирдиктеринин ичинен Жаркырактык көрүү сезими м-н тикеден-тике байланышкан. Антке­ни көздүн торчосундагы сүрөттөлүштүн жарык­танышы буюмдун жаркырактыгына пропорциялаш бо­лот. Энергиялык жаркырактык Вт ⋅ ср 1 м 2 чоңдугу м-н өлчөнөт.