ЖАР-КЫШТАК 1
ЖАР-КЫШТАК – Жалал-Абад обл-нун Сузак р-нундагы кыштак. Барпы атн. айыл округуна караштуу. Деңиз деңг. 770 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Сузак кыш-нан 15 км чыгыш тарапта. Жалал-Абад т. ж. бекетинен 22 км. Калкы 1046 (2007); негизинен дыйканчылыкта эмгектенет. Кыштакта белгилүү чабан, СССР мамл. сыйл. лауреаты Д. Чойбеков туулган.