ЖАР-ООЗ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:00, 1 Июль (Теке) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАР-ООЗ – Ош облусунун Кара-Суу районундагы кыштак. Кашкар-Кыштак айыл округуна ка­раштуу. Деңиз деңгээлинен 990 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору ж-а темир жол бекети Кара-Суу шаарынан 30 км түштүк-чыгыш тарапта. Кыштак 1951-жылы негизделген. Калкы 2064 (2007); неги­зинен дыйканчылыкта эмгектенип, мал чарба­сы м-н алектенет. Орто мектеп, китепкана бар. Үй-бүлөлүк врачтар тобу, турмуш-тиричилик кызматынын бөлүмдөрү, мончо, тегирмен, соо­да түйүндөрү иштейт.