ЖАРЫК

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:45, 3 Июль (Теке) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАРЫК – көзгө көрүнүүчү жыштык диапазо­нуна (7,5⋅1014–4,0⋅1014Гц) туура келүүчү электр­магнит толкуну. Бул диапазондон тышкары көз көрбөгөн диапазондо жаткан инфракызыл ж-а ультракызгылт көк нурлар да жарыкка кошу­лат. Ошентип жарык нурларынын жалпы диапазо­ну 3⋅1014–3⋅зондо электр-магниттик толкундун к о р п у с ­к у л а л ы к ж-а т о л к у н д у к касиеттери бар. Жарыктын толкундук касиети дифракция, ин­терференция ж-а полярлануу кубулуштары, ал эми корпускулалык касиети фотоэффект, жы­луулук нурлануусу, Комптон эффекти ж. б. ку­булуштар м-н түшүндүрүлөт. Ак жаарык негизинен 7 түстөгү жарык кошундусунан турат: кызыл, сар­гыч кызыл, сары, жашыл, көгүш, көк, кызыл көк. Бул кубулуш жарык дисперсиясы деп ата­лат. Эң чоң толкун узундукка кызыл, эң кичи­неге кызгылт көк түстөгү жарык толкундары туура келет.