ЖАРЫК БАСЫМЫ
ЖАРЫК БАСЫМЫ – жарыктын чагылдыруучу же жутуучу нерсенин бетине жасаган басымы. Жарык бөлүкчөлөргө да (атомго, молекулага) басым жасайт. Күндүн жанынан учуп өткөндө, кометанын (куйруктуу жылдыздын) куйругунун пайда болушуна Ж. б-нын себеп болорун алгач И. Кеплер болжолдогон (1619). 1873-ж. англ. физик Ж. Максвелл (1831–79) электр-магниттик теорияга таянып, Жарык басымынын чоңдугун аныктаган. Ал эми орус физиги П. Н. Лебедев (1866–1912) биринчи болуп жарыктын катуу заттарга (1899), кийинчерээк газдарга (1907– 10) жасаган басымын өлчөгөн. Жарык бапсымфы өтө кичине чоңдук, анын үстүнө өлчөө кезинде пайда болгон кубулуштар (конвекциялык агым, радиометриялык күчтөр) тоскоол болот. Жарык басымын-н жарыктын электр-магниттик ж-а жарыктын кванттык теориясы боюнча да түшүндүрүүгө болот. Жарыктын электр-магниттик теориясы боюнча, жарык түшкөн бетке тик багытта жасалган жаврык басымы жарыктын таралуу багыты м-н дал келет, чоңдугу жарык энергиясынын тыгыздыгына (u) барабар. Бул энергия тыгыздыгы нерсеге түшкөн ж-а нерсе чагылдырган толкун энергияларынын суммасынан турат: u=Q (1+R) ⁄c, мында Q – нерсенин 1 см2 бетине түшкөн электр-магниттик толкундун кубаты, R – электр-магниттик толкундун нерсенин бетинен чагылуу коэффициенти., с – жарык ылдамдыгы. Мисалы, абсолюттук кара нерселер (R=0) үчүн Күн жарыгынын басымы р=4,3⋅10–6 Н/м2. Күн шооласынын жерге түшкөн жалпы басымы 6⋅1013 дин (6⋅108Н). Корпускулалык (кванттык) көз караш м-н караганда чагылткан же жуткан бет фотондордон импульс алгандыктан, жарык ал бетке басым жасайт. Жарык басымы астрономиялык ж-а атомдук кубулуштарда маанилүү касиетке ээ.