ЖАРЫК ДИСПЕРСИЯСЫ
ЖАРЫК ДИСПЕРСИЯСЫ – заттын сынуу көрсөткүчүнүн n жарык толкунунун жыштыгына ν (толкун узундугуна λ) көз карандылыгын мүнөздөөчү кубулуш. Жарык дисперсиясынын негизинде ак жарык нуру үч кырдуу призмадан өткөндө, спектрлерге ажырайт (к. Оптикалык спектр). Бул спектрди изилдөө м-н И. Ньютон жарык дисперсиясын ачкан (1672). Тунук заттардын сынуу көрсөткүчү (n) жарык толкунунун жыштыгына (ν) түз, толкун узундугуна (λ) тескери пропорциялаш, ал спектрдеги түстөрдүн жайгашышын шарттайт; nдин λга болгон көз карандылыгы к а д и мк и жарык дисперсиясы деп аталат. Заттын жарыкты жутуу тилкесине жакындаганда λ м-н nдин өзгөрүшү татаал болот. Затта жарыктын сынышы жарыктын фазалык ылдамдыгынын өзгөрүүсүнүн натыйжасында болот. Мындай учурда заттын сынуу көрсөткүчү (n) төмөнкү формула м-н аныкталат: n=с ⁄ сф, мында сф– жарыктын берилген аралыктагы фазалык ылдамдыгы, с – вакуумдагы жарык ылдамдыгы. Жарыктын электр-магниттик теориясы боюнча сф=с/εµ, мындагы ε – диэлектрдик өткөрүмдүүлүк, µ–магниттик өткөрүмдүүлүк. Тунук заттардагы жарык дисперсиясы спектр алеттерин (приборлорун), ахроматтык линза жасоодо колдонулат.