ЖАРЫК ИНТЕРФЕРЕНЦИЯСЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:26, 28 Апрель (Чын куран) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАРЫК ИНТЕРФЕРЕНЦИЯСЫ – эки же бир нече жарык толкундары кабатталганда, жарык энергиясынын мейкиндикте кайра бөлүштү­рүлүшү, б. а. алардын ургаалдуулугунун (интен­сивдүүлүгүнүн) күчөшү ж-а басаңдашы. Ж. и. эк­ранда же башка бетте жарык же караңгы тил­келер түрүндө байкалат. Когеренттүү толкундар гана Ж. и-н берет. Ж. и-н алгач И. Ньютон бай­каган, бирок ал өзүнүн корпускулалык теория­сы м-н бул кубулушту түшүндүрө алган эмес. 19-к-дын башында англ. окумуштуу Т. Юнг ж-а фр. физик О. Френель Ж. и-н толкун кубу­лушу иретинде түшүндүргөн. Ж. и. нурлардын толкун узундугун өлчөөдө, заттардын спектр сы­зыгын, тыгыздыгын, сынуу көрсөткүчүн, опти­калык нерселердин сапатын ж. б-ды аныктоодо колдонулат. Интерференция кубулушунун не­гизинде оптиканын жаңы тармагы голография өнүгүүдө.