ЖАРЫК ИНТЕРФЕРЕНЦИЯСЫ
ЖАРЫК ИНТЕРФЕРЕНЦИЯСЫ – эки же бир нече жарык толкундары кабатталганда, жарык энергиясынын мейкиндикте кайра бөлүштүрүлүшү, башкача айтканда алардын ургаалдуулугунун (интенсивдүүлүгүнүн) күчөшү ж-а басаңдашы. Жарык интерференциясы экранда же башка бетте жарык же караңгы тилкелер түрүндө байкалат. Когеренттүү толкундар гана жарык интерференциясын берет. Жарык интерференциясын алгач И. Ньютон байкаган, бирок ал өзүнүн корпускулалык теориясы м-н бул кубулушту түшүндүрө алган эмес. 19-кылымдын башында англиялык окумуштуу Т. Юнг ж-а франциялык физик О. Френель жарык интерференциясын толкун кубулушу иретинде түшүндүргөн. Жарык интерференциясы нурлардын толкун узундугун өлчөөдө, заттардын спектр сызыгын, тыгыздыгын, сынуу көрсөткүчүн, оптикалык нерселердин сапатын ж. б. аныктоодо колдонулат. Интерференция кубулушунун негизинде оптиканын жаңы тармагы голография өнүгүүдө.