ЖАРЫК ПОЛЯРЛАНУУСУ
ЖАРЫК ПОЛЯРЛАНУУСУ – оптикалык нурлануунун перпендикуляр тегиздиктеги термелүүчү (жарык толкунунун таралуу багыты) жарык толкундарынын таралуу касиеттеринин бири. Жарык полярлануусу жарык толкунундагы электр (E) ж-а магнит (H) талааларынын мейкиндиктеги багыттарын мүнөздөйт. Жарык толкуну таралуу багытына (ылдамдыкка) өз ара перпендикуляр багытта, бирдей фазада ж-а жыштыкта термелүүчү электр (E) ж-а магнит (H) талааларынан түзүлгөн туурасынан кеткен толкун. Толкундардын бул векторлору белгилүү тегиздикте жатса же белгилүү бир багытты көздөй өзгөрсө, толкундар полярлануучу делет. E вектору жаткан тегиздик полярлануу тегиздиги деп аталат. Эгерде толкунда E вектору белгилүү бир тегиздикте жатса, мындай толкун с ы з ы к т у у полярланууга ээ. Полярланбаган жарык нурларынан (Күн, электр лампалары ж. б.) поляризатордун жардамы м-н керек болгон полярланган жарык нурларын алууга болот. Полярлагычтын иштөө принциптери ар түрдүү оптикалык эффекттерге негизделген (кристаллдагы нурлардын экиге ажырашы, Брюстер эффектиси ж. б.). Азыр жарыктын жаңы булактарынан (лазер, мазерлер) ар түрдүү полярланган нурлар алынат. Жарык полярлануусун 1704–06-жылдарда И. Ньютон киргизген.