ЖАРЫКТЫН ЖУТУЛУШУ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:05, 4 Июль (Теке) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАРЫКТЫН ЖУТУЛУШУ – жарык чөйрө зат аркылуу өткөндө анын чөйрө бөлүкчөлөрү м-н өз ара аракеттенүүсүнөн ургаалдуулугунун аза­йышы. Оптикалык т у н у к заттар жарыкты начар жутуучу, ал эми т у н у к э м е с т е р жарыкты жакшы жутуучу заттар деп аталат. Жарыктын жутулушу заттын ысышы, иондошуусу же атом, молекулалардын дүүлүгүшү, фотохимиялык процесс м-н коштолот. Жарыктын жутулушун тажрыйбада франциялык илим­поз П. Бугер (1729), теориялык жактан немец илим­поз И. Ламберт (1760) изилдеген. Жарыктын жутулушу Бугер – Ламберт закону м-н аныкталат: I=I e–kλd, мында нерсеге түшкөн ж-а жутулган жарык ички чагылуу кубулушуна негизделген.