ЖАРЫКТЫН ЧАГЫЛЫШЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:20, 4 Июль (Теке) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАРЫКТЫН ЧАГЫЛЫШЫ – эки чөйрөнүн чек арасына түшкөн жарыктын ал келген чөйрөнү көздөй кайра таралышы. Ал үчүн биринчи чөйрө тунук болушу керек. Жарыктын чагылышынын натыйжасында ал чагылган бет көзгө көрүнөт. Чагылган жа­рыктын ургаалдуулугунун (интенсивдүүлүгүнүн) мейкиндикте бөлүнүшү чектеги беттин тегиз эместиги η м-н түшкөн жарык толкунунун узун­дугунун λ салыштырмалуу чоңдугуна жараша болот. Эгерде η≥λ болсо, к ү з г ү д ө н ч а г ы ­л у у болот, башкача айтканда түшкөн нур жарыктын чагы­луу законуна баш ийип, бир багытка чагылган­да, түшүү бурчу чагылуу бурчуна барабар болот. Эгерде η≈λ болсо, беттин тегиз эместиги толкун узундугуна салыштырмалуу тең болсо же ан­дан ашып кетсе (бодурлуу бет, күңүрт бет), анда чагылган жарык д и ф ф у з и я л у у болот. Жарыктын диффузиялуу чагылуусу, тегиз эмес бетке түшкөн жарыктын ар кандай бурчтарга чачырашына алып келет. Ушундай эле чачы­роо чөйрөнүн ички бир тектүү эместигинен да болот. Эгерде чектеш эки чөйрө тең тунук болсо ж-а жалпы чеги жалпак болсо, анда түшкөн жарыктын чагылышы жарыктын сынуу ж-а чагылуу законуна баш иет (к. Жарыктын сынышы). Эгерде η≥λ болсо ж-а бул тегиз эместиктер кандайдыр бир иреттүү жайгашса, чагылган жарыктын ургаал­дуулугу дифракциялык торчонукуна окшош бо­лот. Жарыктын чагылышы беттин чагылтуу жөндөмдүүлүгү, ча­гылтуу коэффициенти, башкача айтканда беттен чагылган ж-а ага түшкөн жарык агымдарынын катышы м-н мүнөздөлөт. Жарыктын чагылышы табиятта көп кездешет ж-а турмушта мааниси зор. Жарыктын чагылышы оптикалык алет­терди (приборлорду) жасоодо ж-а илимий-изилдөө иште­ринде кеңири колдонулат.