ЖАРЫК ШАҢЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:26, 28 Апрель (Чын куран) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАРЫК ШАҢЫ (с в е т о т е н ь) – объектинин үстүнкү бетинин түспөлү, өзгөчөлүгү м-н шарт­талган көлөмдү ж-а рельефти көз м-н кабылдоо­го мүмкүнчүлүк берген жарык ж-а көлөкө жер­леринин бөлүштүрүлүшү. Живописте ж-а гра­фикада Ж. ш. нерсенин көлөмүн ж-а жарык­аба катмары м-н курчалган чөйрөнү кабылдоого мүмкүнчүлүк берген ар түрдүү түстөрдүн же бир эле түстүн оттенкаларынын бөлүштүрүлүшү. Ж. ш-нын градациясы (эң ачыктыктан аяба­гандай караңгылыкка чейин) жарыктандыруу­нун мүнөзүнө, нерсенин көлөм өзгөчөлүгүнө, түспөлүнө, атм-нын абалына байланыштуу. Ж. ш-на байыркы дүйнөнүн живописчилери да кайрылган. Ж. ш. ж-а анын теориясы Кайра жаралуу доорунун чеберлери (өзгөчө Леонардо да Винчи) тарабынан иштелип чыккан. Ошон­дон бери чыгарманын эмоциялык таасирин кү­чөтүү максатында колдонулат.