ЖАРЫК ЭТАЛОНДОРУ
ЖАРЫК ЭТАЛОНДОРУ – жарыкты жогорку тактыкта өлчөөчү, бирдиктерди сактоочу ж-а салыштыруучу чендер. Жарык өлчөөнүн бирдейлигин камсыз кылат. Негизги ж-а туунду Ж. э. болуп каралат. Негизги Ж. э. болуп жарык күчүнүн бирдиги кандела (кд) колдонулат. Ал платинанын катуулануу темп-расында абс. кара нерсенин касиеттерине ээ. Анын жаркырактыгы 6⋅105 кд/м2. 1979-жылдан баштап Эл аралык жарык стандарттоо к-тинин чечими б-ча канделага жаңы аныктама берилген. Кандела – СИдеги негизги бирдиктердин бири. Туунду Ж. э-нда жарык агымынын, жарыктаныштын ж. б. чоңдуктардын бирдиктерин камсыз кылуучу, ар түрдүү түзүлүштөгү ж-а темп-радагы электр лампаларынын тобу колдонулат.