ЖАРЫМ ӨТКӨРГҮЧ ПРИБОРЛОР
ЖАРЫМ ӨТКӨРГҮЧ ПРИБОРЛОР (алеттер) – жарым өткөргүчтөрдүн касиеттерине негизделип жасалган электрондук приборлордун (алеттердин) жалпы аты. Ж. ө. п-го варисторлор, жарым өткөргүчтүү диоддор, транзисторлор, фоторезисторлор, фотодиоддор, фотоэлементтер ж. у. с. кирет. Ал электрдик термелүүлөрдү пайда кылуу, күчөтүү ж-а кайра өзгөртүү (диод, транзистор, тиристор), бир сигналды башка сигналга (фоторезистор, фотодиод, фототранзистор ж. б.) ж-а энергияны бир түрдөн башка түргө (термоэлемент, термоэлектрдик генератор, күн батареясы ж. б.) өзгөртүү, о. эле электрдик ж-а мех. чоңдуктарды өлчөө үчүн колдонулат. Ж. ө. п. электр вакуумдук приборлорго салыштырганда компакттуу, талап кылынган кубаттуулугу ж-а массасы аз; бышыктыгы, иштөө мөөнөтү ж-а ишенимдүүлүгү жогору. Жарым өткөргүчтүү интегралдык микросхемалар Ж. ө. п-дун өзгөчө классын түзөт. Интегралдык микросхема (чип) – толук жеткиликтүү электрондук чынжыр. Азыркы кездеги компьютерлердин аппарат бөлүктөрү ар кандай микропроцессордук чиптердин негизинде куралган.