ЖАРЫМ ТЕГИЗДИК
ЖАРЫМ ТЕГИЗДИК – тегиздиктеги кандайдыр бир түз сызыктын бир тарабында жайгашкан чекиттердин көптүгү. Жарым тегиздиктин чекиттеринин координаталары Ах+Ву+С>0 барабарсыздыгын канааттандырат, мында А, В, С – турактуу чоңдуктар ж-а А ж-а В бир убакта нөлгө барабар эмес. Эгерде Ах+Ву+С=0 түз сызыгы (жарым тегиздиктин чеги) жарым тегиздикке таандык болсо, анда жарым тегиздик т у ю к деп аталат. Комплекстик z=x+iy тегиздигинде ж о г о р к у y=lm z>0, т ө м ө н к ү y=lmz<0, сол x=Re z< 0, оң x=Re z >0 жарым тегиздиктери ж. б. каралат.