ЖАРЫШ ТУТАШТЫРУУ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:26, 28 Апрель (Чын куран) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАРЫШ ТУТАШТЫРУУ – эки уюлдуу (эки кыскычтуу) элементтерди (электр кабыл алгыч­тарын) электр тизмегине кыскычтарынын ор­тосундагы чыңалуу дайыма бирдей болгондой кылып туташтыруу ыкмасы. Чыңалуу дайыма туруктуу болгондуктан, тизмекке туташтырыл­ган бир элементти бириктиргенде же ажырат­канда, тизмектин калган элементтеринин иш­тешине эч кандай таасир тийбейт. Мунун өзү бөлүштүргүч тармакка электр лампаcын, ысы­туучу прибор, электр кыймылдаткычтарды ту­таштырууга мүмкүндүк берет. Электр кыймыл­даткыч күчү болбогон элементтерди Ж. т-да алардагы токтун күчү каршылыктарына теске­ри пропорциялаш болот. Элементтерди Ж. т-да­гы жалпы токтун күчү туташтырылган тарам­дагы токтун жалпы суммасына – туруктуу ток үчүн алг. суммасына ж-а өзгөрмө ток үчүн век­тордук суммасына барабар.