ЖАСАЛМА БӨЙРӨК
ЖАСАЛМА БӨЙРӨК , г е м о д и а л и з а т о р – бөйрөктүн кызматын аткаруучу аппарат. Жасалма бөйрөк организмди алмашуу продуктусунан бошотот, бөйрөктүн катуу кармаган ж-а өнөкөт кемтигиндеги физиологиялык процесстерди жөнгө салат, ошондой эле ууланганда уу заттарды, ал эми дене шишип кеткенде, ашык сууну бөлүп чыгарат. 1913-жылы америкалык илимпоз Ж. Абель диализ үчүн түзгөн аппараттын негизинде 1944-жылы голланд илимпозу В. Колф жасалма бөйрөк аппаратын жасап, биринчи жолу колдонгон. Гемодиализде (жасалма бөйрөк иштегенде) оорулуунун каны төмөнкү көңдөй венадан сордуруп алынып, диализдөөчү эритмелер м-н жарым-жартылай тазалангандан кийин, сырткы веналардын бирине кайра куюлат. Жасалма бөйрөк Кыргызстанда 1963-жылдан атайын адистешкен жайларда колдонулат.