ЖАСАЛМА ТАНДОО

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:57, 7 Июль (Теке) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАСАЛМА ТАНДОО – чарбачылыкта баалуу жаныбар тукумун ж-а өсүмдүк сортторун тан­дап өстүрүү ыкмасы. «Жасалма тандоо» терминин илимге 1859-жылы Ч. Дарвин киргизген. Ал жасалма тандоону эгил­ме өсүмдүк м-н малдын акырындык м-н өөр­чүшүндө негизги себеп деп көрсөткөн. Эгилме өсүмдүк м-н малдын сорттук же породалык тү­рүнүн ар бир тобу алар жапайы тегинин түр­лөрүнөн келип чыкканын аныктаган. Мисалы, бар­дык үй көгүчкөнү жапайы аска көгүчкөндөрүнөн, бакма тооктордун бардыгы жапайы тооктон (банкив тоогунан), огород капустасы жапайы капустадан келип чыккан. Жасалма тандоо сезимсиз ж-а методикалык болуп бөлүнөт. С е з и м с и з жасалма тандоодо байыркы малчы ж-а дыйкандар өсүмдүк м-н жаныбарлардын эң оболу сапаттууларын сактап, кийин алардан жакшы тукум алыш­кан. Бул сезимсиз тандоо организмдердин ге­нефонундагы мутациялык өзгөрүштү автомат­тык түрдө сактап калып, натыйжада жаңы сорт ж-а порода пайда болгон. Сезимсиз жасалма тандоо механикалык таасири ж-а жыйынтыгы боюнча табигый танда­лууга жакын. М е т о д и к а л ы к жасалма тандоо – алдын ала коюлган максаттарга ылайык мето­дикалык жол м-н пландуу түрдө жүргүзүлүп, айыл чарба өсүмдүктөрүнүн жаңы сортторун ж-а үй жа­ныбарларынын жаңы породаларын чыгаруунун негизги жолу. Айыл чарбасында методикалык тандоо жа­пырт ж-а жекече тандоо жолу м-н жүргүзүлөт.