ЖАСМИН
ЖАСМИ́Н – өсүмдүктөрдүн гидрангиялар тукумундагы кооз бадал. Ал экиге бөлүнөт: 1) б а к Ж-дин (Philadelphus) жалбырагы тушташ жайгашкан, бүтүн кырдуу, гүлү ак же боз, жыттуу. Евразия м-н Түш. Американын мелүүн алкактарында 75; 3–4 түрү (Кавказ ж-а Ы. Чыгышта) өсөт. Кооз өсүмдүк катары ири гүлдүү Ж., жыттуу Ж., о. эле гибрид сорттору (Лавина, Монблан, Глетчер ж. б.) өстүрүлөт; 2) к а д и м к и Ж. (Jasminum) – жалбырагын күбүмө же дайыма жашыл бадал же лиана. Гүлү ак, сары же кызгылт, жыттуу. Тропик ж-а субтропик зонада 300дөй түрү белгилүү. КМШ өлкөлөрүндө 3 түрү Крым, Кавказ, О. Азияда өсөт. Ири гүлдүү Ж. м-н жыттуу Ж-дин гүлүнөн эфир майы алынып, атыр жасоодо пайдаланылат. Индия Ж-и – дайыма жашыл лиана өсүмдүгү, кооздук үчүн үйдө өстүрүлөт.