ЖАСМЫК
ЖАСМЫК (Ervum L.) – өсүмдүктөрдүн чанактуулар тукумундагы бир жылдык чөп. Жапайы ж-а эгилме 10дой түрү белгилүү. КМШ өлкөлөрүндө 3 түрү (Закавказье, Орто Азияда) өсөт. Жасмыктын сабагы ичке, түз, бийиктиги 25–30 см, татаал жалбырактуу, гүлү майда, ак, көк, кызгылт түстө. Мөмөсү – сагак, 2–3 уруктуу. Буурчактан айырмасы жылуу жерде жакшы өсөт. Үрөнү 4–5°С жылуулукта өнүп чыгат. Вегетация мезгили 65–105 күн. Кургакчылыкка байымдуу. Данында 32% белок, 2% май, 2,5–5% клетчатка бар. Данынан кулинарияда, колбаса, консерва өнөр жайында колдонулуучу акшак, ун даярдалат. Саманы м-н тыпыны – баалуу концентраттуу тоют. Жасмык Кытай, Индия, Түркияда, Латын Америкасында, Түндүк Африкада ж. б. өстүрүлөт. КМШ өлкөлөрүндө кара топураксыз зонада, Волга бою, Украина, Казакстан, Орто Азия ж-а Закавказьеде эгилет. Жасмыктын 10дон ашык сорту райондоштурулган. Илдеттери: бактериоз, фузариоз, аскохитоз, дат ж. б. Зыянкечтери: шалбаа көпөлөгү, Жасмык данчысы ж. б.