ЖАТАКЧЫ
ЖАТАКЧЫ – көчмөн кыргыз жамаатында дыйканчылык м-н кесиптенген адамдар, малы жогунан жайында жайлоого көчө албай, жакада калган кедейлер тобу. 19-кылымдын экинчи жарымында кыргыздар Россиянын курамына кошулгандан кийинки коомдук-экономикалык өзгөрүүлөрдүн натыйжасында (патриархалдык-феодалдык мамилелердин ыдырашы, элдин жакырданышы ж. б.) пайда болгон. Малчылык м-н күн көрүүгө мүмкүнчүлүктөрү жоктугунан жатакчылар адегенде дыйканчылык м-н оокат кылууга, кийинчерээк отурукташууга өтө баштаган. Алар өз жерин гана иштетпестен, уруулаш бай туугандарынын да жерин кароого милдеттүү болгон. Бир нече үйбүлө чогуу калып, өзүнчө «жатакчылар айылын» түзүшкөн. Жатакчылар айдалган эгинди карап, сугарып, отошкон, чөбүн чабышкан. Өз эмгектери үчүн жатакчыларлар саан уй, күч же унаа алып калышкан. Жерди буурсун м-н айдашкан, таруу, буудай, арпа себишкен. Жайлоодон түшкөндөр жатакчыларга айран, курут, сүзмө ала келишкен. Жатакчылык жер иштетүүчү эмгек куралдарынын жөнөкөйлүгүнө, азыктын аздыгына карабастан, кыргыз элинин экономикалык турмушуна кире баштаган. Алар өзүнчө социалдык катмарды түзүү м-н айылдык көчмөн жамаатынын бузулушуна түрткү берген. Совет бийлиги орногондон кийин коомдук-экономикалык кайра куруулар, кыргыз элинин көчмөн ж-а жарым көчмөн турмуштан отурукташууга өтүшү жатакчылыктын жоюлушуна алып келген.