ЖАТЫН

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:58, 7 Июль (Теке) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАТЫН (uterus, metria) – ургаачы жаныбар ж-а аялдын жыныс органдарындагы урук өт­көргүч түтүктүн жоон бөлүгү. Жатын бардык сүт эмүү­чүлөрдө, канаттууларда, сойлоочулардын көбүн-

Аялдын жатынынын жара кесилиши: 1 – жатындын түбү; 2 –жатын түтүгү; 3 – жатын түтүгүнүн оозу; 4 – энелик без; 5 – энелик бездин байламтасы; 6 – жатын денеси; 7 – жатын моюнчасы; 8 –жатын кыны; 9 – жатындын кире бериши; 10 – жатын моюнчасынын көңдөйү; 11 – жатын көңдөйү.

дө, муунак буттууларда, айрым жерде-сууда жа­шоочуларда, жумуру курттарда ж. б-да болот. Жумуртка таштоочу омурткалуулардын (сойлоо­чулар, канаттуулар) жатынында жетилген жумур­тка убактылуу жашайт. Тирүү туучу жаныбарда жумурткадан же эне организминдеги азык зат­тардын эсебинен эмбрион өсүп жетилет. Жатын м-н түйүлдүктүн ортосундагы зат алмашуу тон (чөп) аркылуу жүрөт. А я л д ы н жатыны – жамбаш чарасында жайгашкан булчуңдуу көңдөй орган, анда уруктанган энелик клетка өсөт, кош бой­луу мезгилде түйүлдүк жетилет. Ал денеси, тул­кусу ж-а жатын моюнчасынан турат. Демейде алмурут сымал формада болуп, тулкусунун жара кесилиши үч бурчтуктай көрүнөт, жогорку 2 бурчу жатын түтүктөрүнө, төмөнкү бурчу жа­тын моюнчасына кошулат. Анын капталы ички былжыр челден (эндометрий), ортоңку булчуң катмардан (миометрий) ж-а сырткы жылма



катмардан (периметрий) турат. Кош бойлуу убак­та булчуң катмарынын чоюлушунан көлөмү ж-а формасы өзгөрөт. Төрөгөндөн кийин жатын кичи­рейип, мурунку абалына келет. Жатындын ички былжыр чели этек кир циклине карата өзгөрүп турат. Аны нерв системасы, энелик бези, гипо­физдин алдыңкы бөлүгү иштеп чыгарган гормон­дор, эндокрин системасы жөнгө салат. Жатын ич чели, байламталар, жамбаш булчуңдары м-н жам­баш чарасына бекип турат. Жатын моюнчасы­нын ички бети былжыр чел м-н капталып, ал бөлүп чыгарган жетиштүү секрет бактерияга кар­шы таасир этиши жатынга инфекциянын түшүшүнө тоскоол болот. Ошондой эле сперматозоиддин кыймы­лына таасирин тийгизип, уруктанууда да маа­ниси чоң. Жатын кыймылдуу келип, кош бойлуу, табарсык ж-а көтөн чучук толтура учурда ж. б. физиологиялык шартта ордун которуштуруп турат.