ЖАТЫНДАН ТЫШКАРЫ БОЙГО БҮТҮҮ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:26, 28 Апрель (Чын куран) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАТЫНДАН ТЫШКАРЫ БОЙГО БҮТҮҮ – түйүлдүктүн жатындын сыртында өөрчүшү. Анда аялдын жыныс органдарынын, көбүнчө жатын түтүгүнүн өзгөрүүлөрү (жабышып, ийилип ка­лышы ж. б.) уруктанган энелик клетканын жа­тынга түшүшүнө тоскоолдук кылат, ал жатын түтүгүндө, энелик безде, ич көңдөйдө өөрчүй баш­тайт. Жатын түтүгүндө бойго бүтүү көп кезде­шет. Кээде жыныс органдарынын өөрчүп жетил­бей калышынан (инфантилизм), о. эле бойго бү­түүдөн сактанууда зыяндуу ыкмаларды колдо­нуудан болот. Бул учурда этек кир кечигип, ки­йинчерээк жыныс кынынан киргилденген кан келет. Кандын иретсиз келүүсү көпкө созулат. Ич­тин төмөн жагы катуу ооруп, ал кетип, баш ай­ланып, эстен танат, кан басымы төмөндөйт, кан­да эритроцит, гемоглобин азаят. Мындай бел­гилер байкалары м-н врачка кайрылуу керек.
Өз алдынча дарыланууга болбойт. Аны дары­лоонун жалгыз жолу – өз убагында операция жасоо. Операциядан 1–2 жылдан кийин гана врач м-н кеңешип бойго бүтүрүүгө болот. Анын алдын алууда аялдар өздүк ж-а жыныстык ги­гиенаны сактоосу, о. эле дайыма текшерилип, жыныс органдарынын оорусун өз убагында аныктап, дарылануусуу чоң мааниге ээ.