ЖАШЫЛ КИТЕП

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:39, 7 Июль (Теке) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАШЫЛ КИТЕП – сейрек, жоголуп бараткан ж-а өзгөчө коргоого муктаж өсүмдүктөр тобу жөнүндөгү маалымат жыйнагы, китепче. Ал – Кыргызстанда чөйрөнү коргоо жаатындагы КР мый­замдарынын алгачкы жыйнагы. 1999-жылы Биш­кекте басылып чыккан. Жыйнак беш чоң бө­лүмдөн турат, алар – жаныбарлар дүйнөсү, ай­лана-чөйрөнү коргоо, экологиялык экспертиза, атмосфералык абаны коргоо, КРдин биосфералык аймактары жөнүндөгү мыйзамдар. Мыйзамдар өз ичинен бөлүк­чөлөргө ж-а жоболорго бөлүнөт, ошондой эле к. Кы­зыл китеп.