ЖЕЗ
ЖЕЗ (Сuprum), Cu – элементтердин мезгилдик системасынын I тобундагы хим. элемент. Катар н. 29, ат. м. 63,546. Туруктуу эки изотобу бар: 63Сu ж-а 64Cu. Жер кыртышында массасы б-ча 1 · 10–2%ти түзөт. Ал таза ж-а кошулма түрүндө
(көбүнчө күкүрт, кычкылтек м-н) кездешет. Ж. – кызыл түстөгү ийилгич, чоюлгуч металл, тыгызд. 8,96 г/см3; эрүү t 1083°С, кайноо t 2600°С. Бирикмелеринде +1, +2, +3 окистенүү даражаларына ээ. Ал бир нече комплекстүү бирикмелерди пайда кылат. Кадимки темп-рада анча активдүү эмес. Нымдуу абада андан ары окистенүүдөн сактай турган закись Cu2O же негиздик карбонат тузунун (CuOH)2CO3 жука кабыкчасы м-н капталат, кычкылтек м-н бирикмелери Cu2O (чала оксиди), CuО2 (өтө оксиди). Ж. кадимки темп-рада галогендер, күкүрт м-н
оңой кошулуп, хлориддерди (CuCl, CuCl2) ж-а сульфиддерди (Сu2S, СuS) пайда кылат. Ал эми суутек, азот, көмүртек м-н жогорку темп-рада
да реакцияга кирбейт. Суюлтулган күкүрт, туз к-талары окистендиргичтер жок чөйрөдө жезге таасир этпейт. Концент. ысык күкүрт к-тасында эрип, жез сульфатын (CuSО4) пайда кылат.
Анын суудагы эритмесинен көк таш (СuSo4 –
5Н2O) кристаллданат. Көпчүлүк металлдар м-н
куймаларды пайда кылат. Бир валенттүү Ж. туздары түссүз келип, сууда эрибейт, жеңил окистенет же эки валенттүү Ж. туздарына чейин ажырайт. Эки валенттүү Ж. туздары жакшы эрийт; гидратташкан иондору Cu + көк түстө болот. Маанилүү минералдары: Сu2S – Ж. жалтырагы;
CuFe S2 – Ж. колчеданы; CuS – каве ли т;
CuCO3·Cu(OH)2 – малахит; CuCO3·2Cu(OH)2 –
лазурит ж. б. Ө. ж-да Ж. сульфидине кычкылтекти таасир этип, андан пайда болгон чала оксидине дагы сульфидди таасир этүүдөн алынат: 1) 2Cu2S + 3O2 = 2Cu2O + 2SO2; 2) Сu2S + 2Cu2O =
= 6Cu + SO2. Таза Ж. жылуулукту ж-а электр
тогун жакшы өткөргүч жана ийилгич болгондуктан, ө. ж-да кеңири колдонулат. О. эле хим. аппараттарды жасоодо ж-а коррозияга туруктуу куймаларды (коло, латунь) алууда кеңири пайдаланылат.