ЖЕЗКАЗГАН КЕНИ
ЖЕЗКАЗГАН КЕНИ – жез кенташынын КМШдагы ири кендеринин бири. Жезказган шаарынын жанында. Кен 18-кылымдын аягынан бери белгилүү. 1929-жылдан казылып алынат. Кен аймагын таш көмүр мезгилинин башталышында пайда болгон акиташ теги, мергель, кумдук, карбондун ортосу м-н аягындагы жезказган геологиялык свитасы ж-а пермдин башталышындагы кумдук, аргиллит, акиташ теги, мергель сыяктуу чөкмө тектер түзөт. Жезказган свитасы улам алмашып катмарланган боз ж-а кызыл түстүү кумдук м-н алевролиттерден турат. Анда конгломераттар да кезигет. Кен жезказган свитасындагы антиклиналдык түзүлүштүн ийилген жерлерине (боз түстүү тектерде) топтолгон. Мында кенташ кабаттары 600 м тереңдикке чейин кезигип, алардын жалпы саны 26, анын 19у өнөр жайлык мааниде. Тоо тек катмарлары кандай жатса, кенташ ошого жараша аларды кайталап, кабат түрүндө жайгашкан. Планда алар узатасынан созулуп, узундугу бир нече км, туурасы 0,5 мден 1–2 кмге чейин. Кенташ комплекстүү: негизгиси жез, коргошун м-н цинк да чоң мааниге ээ. Кошумча түрдө күмүш м-н рений ж-а аз өлчөмдө мышьяк, кадмий, висмут, кобальт, сымап, никель ж-а молибден бар. Жез кенташы халькопирит, борнит ж-а халькозин минералдарынан турат. Минералдары негизинен кумдук м-н конгломераттардын цементтеринде, кээде талаа шпаты ж-а кварцта майда бүртүкчө, ал эми тектоникалык зоналарда тарамча түрүндө. Жезказган кени сингенез (чөкмө) жолу м-н пайда болгон жездүү кумдук ж-а сланецтердин кендерине кирет (В. М. Попов, Д. Г. Сапожников, Ү. А. Асаналиев). Бирок анын эпигенез (гидротерм) жолу м-н пайда болгондугун далилдеген окумуштуулар да бар (К. И. Сатпаев ж. б.).